Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жалынып-жалбырып, эгилип-жагылып, өтө жакшы көрүү. Ал күйүмдүү бир тууганыңдай жапылдап, керек десең сен үчүн кара башын садага чаап, үстүңө үйрүлүп түшөт (Исмаилов). Алдейлеген атасындай камкордук көрүп, үстүнө үйрүлүп түшүп, асырап, дарылап, багып турат («Советтик Кыргызстан»). Кокус сыркоолоп калсаң, үстүңө үйрүлүп түшө калат (Медетов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жалынып-жалбырып, эгилип-жагылып өтө жакшы көрүү. Ал күйүмдүү бир тууганыңдай жапылдап, керек десең сен үчүн кара башын садага чаап, үстүңө үйрүлүп түшөт (Исмаилов). Алдейлеген атасындай камкордук көрүп, үстүнө үйрүлүп түшүп, асырап, дарылап, багып турат. Кокус сыркоолоп калсаң, үстүңө үйрүлүп түшө калат (Медетов). В.: Үстүнө үйрүлүү. Азыр гана баланын тирүү экенине көзү жетип, ашканасынан май ала жүгүрүп, үстүнө үйрүлөт (Осмоналиев). Татыке да өз балдарынан мурда ушул үчөөнүн үстүнө үйрүлөт (Өмүрбаев). Үстүнө үйрүлө калуу. Кызы оорукчан болуп калгандан кийин аны ого бетер аяп үстүнө үйрүлө калат (Сыдыгалиев).